Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 10:44

Ленин чокусун Манас-Ата зоосу деп өзгөртүп, 8-ноябрды майрам кылуу сунушталды


Ленин чокусу

7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү болуп жарыяланат жана жылнаамада майрам катары белгиленет. 26-октябрда президент Алмазбек Атамбаев “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, жарлыкка ылайык, Эмгек кодексине жана 1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн, саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүү күндөрү боюнча парламенттин мурдагы чечимдерине өзгөртүүлөр киргизилет. Бул боюнча сунуш Жогорку Кеңешке жолдонду.

Улуу Октябрь Социалистик революциясынын 100 жылдыгына жана саясий репрессиялардын 80 жылдыгына байланышкан иш-чараларды
2017-жылдын 7-8-ноябрында өткөрүү өкмөткө, жергиликтүү бийликтерге тапшырылды.

Андан тышкары Жогорку Кеңеш депутаттарына жана өкмөткө Чоң-Алайдагы Ленин чокусунун аталышын Манас-Ата зоосу деп өзгөртүү жөнүндө мыйзам кабыл алуу сунушталды.

"Анткени бул бүгүнкү күндө Кыргызстан элинин көп кылымдык тарыхы менен бекемделген жападан жалгыз туура чечим болот",- деп жазылат жарлыкта.

Расмиий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирчү жарлыкты аткаруу өкмөткө жүктөлдү. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (27)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG