Кошмо Штаттардын Нью-Йорк шаарында 31-октябрда болгон кандуу калабасы үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук тобу өз моюнуна алды. Жихадчыларга караштуу басылмалардын бири сегиз адамдын өмүрүн алган чабуулду уюштурду деп айыпталып жаткан Сайфулло Саиповду "халифаттын жоокери" деп атады.
АКШ соту 29 жаштагы Өзбекстандын жараны Сайфулло Саиповго сегиз кишинин өлүмүнө байланыштуу жана террордук уюмдарга материалдык көмөк көрсөткөн деген айып такты. Саипов автоунаа менен ондогон кишилерди тебелетип кеткен. Сегиз киши каза таап, 12си жараат алган.
Саипов айдаган жүк ташуучу машиненин ичинен "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмуна ант берген кат табылганын полиция маалымдады.
Сайфулла Саипов Ташкентте туулуп-өскөн, 2010-жылы лотереяда грин-карт утуп алып, АКШга келген. Алгач Флоридада, андан соң Огайодо жана акыркы убактарда Нью-Жерсинин Паттерсон шаарында жашаган. Саиповдун тааныштары аны каржы көйгөйлөрү бар агрессивдүү жигит катары сыпатташкан, бирок радикал экени байкалган эмес.