Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Барселонада жүз миңдеген адам жикчилдерди колдоп чыкты


Барселона.
Барселона.

Барселонада 11-ноябрь күнү жүз миңдеген адам каталония саясатчыларын колдоп акцияга чыгышты. Барселона полициясынын маалыматына караганда, көчөгө чыккандардын саны 750 миң адамга жетти. Алар Мадрид тараптан киргизилген түз башкарууну жоюуга жана камакка алынган сегиз саясатчыны бошотууга чакырышты.

Митингге чыккандар чет жерде качып жүргөн беш саясатчыны, анын ичинде аймактын мурдагы аткаруу бийлигинин башчысы Карлес Пучдемонду камоого уруксат берген европа ордерин артка кайтарып алууну да талап кылышууда.

Учурда Брюсселде жүргөн Пучдемон 11-ноябрда Бельгиядан түз эфир аркылуу Барселонадагы митингчилерге кайрылуу жасады.

Испания прокуратурасы каталония саясатчыларын кутум уюштуруп, мамлекеттик каражатты максатсыз пайдаланган деп айыптоодо. (SDz)

XS
SM
MD
LG