Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Депутат Чолпонбаевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат


Депутат Улан Чолпонбаев.
Депутат Улан Чолпонбаев.

Учурда Бишкектин Көк-Жар конушунда Жогорку Кеңештин депутаты Улан Чолпонбаев менен коштошуу зыйнаты өтүп жатат. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков, өкмөт башчы Сапар Исаков жана башка саясатчылар, коомдук ишмерлер катышууда. Бул тууралуу маркумдун жакындары маалымдашты.

Төрага Дастан Жумабеков депутаттын алдыга койгон ой-максаттарын белгилеп, буга чейин жасаган иштери унутулбасын айтты. Ал эми өкмөт башчы Сапар Исаков коштошуу сөзүндө Чолпонбаевдин мамлекеттик иш-чараларга, айрыкча эки жолу өткөрүлгөн Көчмөндөр оюндарын уюштурууга кошкон салымын белгилеп өттү. Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

11-ноябрда Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата-Журт" фракциясынын мүчөсү, 40 жаштагы Улан Чолпонбаев бөйрөк оорусунан каза болгон. Улан Чолпонбаев - Жогорку Кеңештин бешинчи жана алтынчы чакырылышынын депутаты. 1977-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн. Бала чагы Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Боз-Учук айылында өткөн. 1997-жылы Кыргызстандын Эл аралык университетинин Эл аралык укук факультетин аяктаган. Артында эки кызы калды. (TSh)

XS
SM
MD
LG