Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:36

"Кентавр" тасмасы Беларус президентинин сыйлыгын алды


Тасмадан үзүндү.
Тасмадан үзүндү.

Кыргызстандык актер жана режиссер Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы Беларус президентинин сыйлыгын алды. "Кинодогу гумандуулук жана руханият үчүн" деп аталган сыйлык эл аралык "Лiстaпад" кинофестивалынын жабылуу аземинде тапшырылды. Бул тууралуу аталган фестивалдын расмий сайтында жазылды.

Иш-чара 3-10-ноябрь күндөрү Минск шаарында өттү. Беларустун СТВ каналы элүүдөн ашуун тасма катышкан фестивалда "Кентавр" фильми эң мыктылардын катарында болгонун белгиледи.

Буга чейин бир канча эл аралык сыйлыктарды багындырган бул тасмада өз кудайын издеген айылдык Кентавр аттуу кишинин жашоосу чагылдырылган. Баш каарманды Актан Арым Кубат өзү ойногон.

XS
SM
MD
LG