Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:44

Жалал-Абад шаарында жаштар тазалык акциясын өткөрүшүүдө


Жалал-Абад шаарында жарыяланган "Жаштар жумалыгынын" алкагында улан-кыздар тазалык акциясын өткөрүп жатышат.

Ушул күндөрү шаар аймагында жогорку окуу жайлардын студенттеринин катышуусунда “Таза шаар, таза коом» деген акция жүрүүдө. Шаардык жаштар комитетинин төрагасы Байышбек Ташбаев билдиргендей, бүгүн калаадагы 18 көчө, коомдук эс алуу жайлары тазаланды.

Өнөктүккө студенттер, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты. Алдыдагы күндөрдө алар эс алуучу парктарды, коомдук жайларды тазаламакчы.

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын токтому менен 10-17- ноябрь күндөрү "Жаштар жумалыгы" деп жарыяланган. Бир апта бою түрдүү иш-чаралар уюштурулуп, 17-ноябрь - Студенттер күнүндө алар майрамдык шоу менен аяктайт. (RsK)

XS
SM
MD
LG