Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:30

Кумтөргө жарандык коомдун айрым өкүлдөрү жана журналисттер да кошо кетти.

10-ноябрда Бишкекте жарандык активисттер менен Суу кодекси талкууланып, анда вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев биргелешкен сапар бүгүнкүгө белгиленгенин билдирген.

Өткөн аптадагы жыйында тараптар Суу кодексине сунушталган өзгөртүүлөр боюнча мунаса таба алган эмес. Зилалиев мыйзам долбоорго каршы чыгып жаткандарды жеринде Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн абалы менен таанышып келүүнү сунуштаган.

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитети 31-октябрда Суу кодексине сунушталган өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөткөн. Өкмөт иштеп чыккан мыйзам долбоордо алтын казуучу компанияларга айрым учурларда мөңгү аймактарында иш жүргүзүүгө уруксат берүү камтылган.

Бийлик Кумтөр кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү эрип, түгөнүп калгандыктан кен казууга уруксат берүүнү сунуштоодо. Эгер документ парламенттин жалпы жыйынында каралып, жактырылып, ишке кирсе, Кумтөр кенин иштеткен канадалык "Центерра Голд" компаниясы Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө тоскоолдуксуз иш жүргүзө алат.

Буга бир катар экологдор, жарандык активисттер каршы чыгып, мыйзам долбооруна өзгөртүү кирсе, айлана-чөйрөгө олуттуу зыян алып келет деген негизде аны четке кагууну парламенттен талап кылышууда. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG