Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:36

Суу кодексине сунушталган өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралат


Кумтөр кени.
Кумтөр кени.

Өкмөттүн Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынына үчүнчү окууга киргизилет. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Аталган документти 31-октябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитет талкуулап, үчүнчү окууда добуш берүүгө жиберген.

Долбоордо Кумтөр кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү эрип, түгөнүп калгандыктан кен казууга уруксат берүү сунушу камтылган. Эгер документ парламенттин жалпы жыйынында каралып, жактырылып, ишке кирсе, Кумтөр кенин иштеткен канадалык "Центерра Голд" компаниясы Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө тоскоолдуксуз иш жүргүзө алат.

Буга бир катар экологдор, жарандык активисттер каршы чыгып, мыйзам долбооруна өзгөртүү кирсе, айлана-чөйрөгө олуттуу зыян алып келет деген негизде аны четке кагууну парламенттен талап кылып жатышат. (NT)

XS
SM
MD
LG