Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Кыргыз-казак чек арасындагы эки бекетте 550 машине топтолду


Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак тилек" постунан өтө албай турган машинелер.
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак тилек" постунан өтө албай турган машинелер.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде топтолгон машинелердин саны жалпы 550дөн ашты. Бул тууралуу Мамлекеттик Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн өкүлү Салкын Абдыкариева "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Жүк ташуучу автоунаалар өтчү "Ак Тилек" бекетинде ушул сааттарга таяп айта турган болсок 280 оор жүк ташуучу автоунаа бар. Таластагы "Чоң Капка" бекетинде 170 жүк ташуучу машине топтолгон. Чек арадагы биздин кызматкерлер күндө эртең менен кезметин өткөрүү учурунда кезекте турган автоунааларды бир сыйра эсептеп чыгышат, бул ошондогу жыйынтыктар. Ал эми жөө адамдар өтүүчү "Ак Жол" көзөмөл-өткөрмө бекетинде учурда 100дөй киши кезекте турат. Алар бат-баттан эле өтүп жатышат. Ал эми эл ташыган автобус, кичи автобус жана жеңил автоунааларды кошкондо аталган бекетте 70тей машине турат.

10-октябрдан тартып кыргыз-казак чек арасында текшерүү күчөтүлүп, "Ак Тилек" бекетинде эле 500-600гө чейин оор жүк ташуучу автоунаалардын тыгыны пайда болуп, алардын кезеги 10 чакырымдан ашып кеткен болчу. Астана бул кадамын алгач Кыргызстандагы президенттик шайлоо, андан кийин Кытайдан келген аткезчиликке каршы күрөш менен түшүндүргөн.

Казак премьер-министри Бакытжан Сагинтаев КМШ өкмөт башчыларынын ноябрдын башында Ташкентте болгон жыйынында ​чек араны ачуунун беш шартын жарыялаган. (​ErN)

XS
SM
MD
LG