Кыргызстандын Жогорку Кеңеши вице-премьер-министрлик кызматка Толкунбек Абдыгуловдун талапкерлигин колдоду. Бүгүн өкмөт башчы Сапар Исаков парламентке келип, Толкунбек Абдыгуловдун аталган кызматка талапкерлигин сунуш кылды. Добуш берүүнүн натыйжасында 83 депутат ага "макул" деп добуш берди.
Биринчи вице-премьерликке дайындалганына үч ай боло электе андан ылдыйыраак тепкичке түшкөн Абдыгулов 41 жашта. Ал соңку үч жылдан бери Улуттук банкты башкарып келген.
Буга чейин вице-премьерлик кызматты ээлеп турган Дүйшөнбек Зилалиев өткөн аптада "башка жумушка которулушуна байланыштуу" деген негизде иштен алынган. (RK)