Линктер

дүйшөмбү, 22-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 18:28

Мигранттардын укугун коргоого 27 млн сом бөлүнөт


Орусиядагы мыйзам бузуп кармалды деген кыргыз мигранттары.

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиевдин бүгүн Жогорку Кеңеште айтканына караганда, мигранттардын укугун коргоо үчүн 2018-жылга 27 млн бөлүнүп жатат. Бул акчалар Тышкы иштер министрлиги менен биргелешип мигранттардын укугун коргоого сарпталмакчы.

"Биз консулдуктардагы юристтердин санын көбөйтүүнү мерчемдеп жатабыз. Бул долбоор жаңы жылдан тарта башталат” деди Айдаралиев.

Жогорку Кеңеш бүгүн 2017-2018-жылдардын бюджетин жана 2019-2020-жылдарга карата бюджеттин божомолун карап жатат.

Медетбек Айдаралиев парламентте чет жерде иштеген мигранттардын саны 717 миң адам деп билдирди. Ал эми расмий эмес маалыматтар боюнча чет жерде иштеген кыргызстандыктардын саны 1 миллиондон ашык экени айтылып келет.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG