"Казакстандык жаштардын 40% башка өлкөлөргө кетүүнү каалашат", деп билдиришти 29-ноябрда “Жаштар” илимий-иликтөө борборунун өкүлдөрү. Борбор “Казакстан жаштары – 2017” баяндамасы үчүн атайын сурамжылоо жүргүзгөн. Дин иштери жана жарандык коом министрлигине караштуу борбор маалымдагандай, респонденттердин 59% ашыгы “Мен Казакстандан кетким келбейт” деп жооп беришкен. Иликтөө 14төн 29 жашка чейинки кишилерди камтыган.
Бул борбордун ишмердүүлүгү үчүн жылына бюджеттен 200 миллион теңге бөлүнөт. “Жаштар” борборунун башкы эксперти Фарида Мустаеванын айтымында, өлкөдө жаштард азайып жатат, учурда алардын саны 4 миллионго жакын. Бул 2014-жылга салыштырмалуу 300 миңге аз дегенди билдирет.
2017-жылы жаштар арасында өз өмүрүнө кол салгандардын саны 339га жеткен.