Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында жашылча-жемиш жана мөмө-жемиш сактоочу логистикалык борбор ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаев бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ишкана 500 тонна азыкты муздак сактоочу камера жана таңгактоо, жүктөө жана жүк түшүрүү иштери үчүн атайын аянтчалар менен жабдылган. Борборду "Агропродукт Азия" компаниясы USAID уюму менен өнөктөштүктө түздү. Борборду курууга 9 миллион сом жумшалган.
Бул жайда туруктуу 11 киши иштейт, сезон маалында 100дөн ашык жумушчулар ишке тартылат. Компания бул борбор аркылуу биринчи жылы эле 2000дей фермерден өндүрүм топтоп, 2500 тонна жашылча жана мөмө-жемиштерди чет жакка сатууну көздөп жатат.
Өкмөт өкүлү билдиргендей, аталган жай ЕАЭБдин талаптарына толук жооп берет.
Жыл сайын Кадамжай районунда 23 миң тоннага жакын мөмө-жемиш өндүрүлөт. Эми жергиликтүү дыйкандар менен багбандар апрель, май айларына чейин бул жайда мөмө-жемиштерин сактаса болот. (ErN)