Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:08

Байкоочулар: Сирия ИМ уюмунан бошотула элек


ИМ армиясы.
ИМ армиясы.

Сириядагы абалга көз салган "Conflict Intelligence Team" (CIT) изилдөө уюму "бүтүндөй өлкө аймагы “Ислам мамлекети” экстремист тобунун согушкерлеринен тазаланды" деп айтууга азырынча эрте экенин билдирди. Мурунку күнү Орусиянын Башкы штабынын командачысы Валерий Герасимов "Сириядагы «Ислам мамлекетинин» кылмыштуу топтору жок кылынды, өлкө аймагы бошотулду" деп айткан. Мунун алдында Дейр-эз-Зор провинциясында Дамаск өкмөтүнүн армиясы орус авиациясынын колдоо менен Евфрат боюндагы бир катар айыл-кыштактарды экстремисттерден кайтарып алышкан.

Шаршембиде Орусиянын президенти Владимир Путин “ошол жердеги согуштук аракеттер террорчулардын толук жеңилиши менен аяктады” деп билдирген.

CIT уюмунун эксперти Руслан Левиев "Азаттык" радиосунун орус редакциясына комментарий берип жатып, генерал Герасимов менен президент Путиндин сөздөрүнөн күмөн санаганын, экстремисттик уюмдун бөлүктөрү Сириянын бир катар райондорунда дагы эле жигердүү аракеттенип жатышканын айтты.

21-ноябрда Путин жана Сириянын президенти Башар Асад Сочи шаарындагы жолугушуудан кийин Сириядагы террордук уюмдарга каршы биргелешкен аскердик өнөктүк аяктап келатканын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG