Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:39

Махмуд Аббас Майк Пенс менен жолугушуудан баш тартты


Палестина автономиясынын башчысы Махмуд Аббас кийинки апталарда Жакынкы Чыгышка келе турган АКШ вице-президенти Майк Пенс менен жолугушуу ниети жок. Бул тууралуу Аббастын кеңешчилеринин бири ишемби күнү билдирди.

Маалыматка караганда, Палестина лидери мындай чечимди АКШ президенти Дональд Трамптын Иерусалимди Израил борбору катары тааныганына каршылык белгиси катары кабыл алган.

Ага чейин Палестина Махмуд Аббас Трамптын чечимин "уят" иш катары баалап, Кошмо Штаттар мындан ары тынчтык жараянга ортомчу боло албай тургандыгын айткан.

Трамп 6-декабрда Иерусалимди Израилдин борбору катары таанып, Американын элчилигин бул шаарга көчүрүү ишин баштоого буйрук берген. Бул билдирүү палестиналыктардын нааразылыгын жаратып, Газа тилкесинде израил армиясы менен кагылышуулар уланууда. 9-декабрдагы жаңжалда эки палестиналык өлгөнү кабарланды.

Палестиндерге тилектештик билдирген демонстрациялар Жакынкы Чыгыш менен мусулмандар басымдуулук кылган башка мамлекеттерде да өттү.

Кыргызстан 8-декабрда АКШнын Иерусалим боюнча чечимине тынчсыздануу билдирген.

Иерусалимдин макамы – Израил-Палестина жаңжалынын эң талылуу маселеси.

XS
SM
MD
LG