Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Чоң-Алайга дагы 25 мобилдик үй жеткирилди


Мобилдик үйлөрдү жеткирүү учуру
Мобилдик үйлөрдү жеткирүү учуру

Чоң-Алай районунда жер титирөөдөн турак жайлары жабыркаган үй-бүлөлөрдү кыш мезгилинде убактылуу турак жай менен камсыз кылуу максатында бүгүн 25 мобилдик үй жеткирилип берилди. Үйлөр Жекенди айыл аймагынын Шибе айылынын тургундарына тапшырылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Зилзаладан жабыр тарткандар ушуну менен 74 мобилдик үй менен камсыз болушту. Темир турак жайлардын 19у бир бөлмөлүү, 54ү эки бөлмөлүү, бирөө үч бөлмөлүү.

Быйыл 3-5-май күндөрү күчү дээрлик алты баллга жеткен эки жер титирөөдө Жекенди айыл өкмөтүндөгү беш айылда 630 үйгө зыян келген. Алардын ээлери үйлөрүн кышка чейин куруп бүтө албай, айрымдары суук түшкөнүнө карабай чатырларда баш калкалап жатканы кабарланган.

Министрлик май айынан бери жабыр тарткандарга 4281 тонна цемент, 374 миң кыш жеткирип берген. Мындан тышкары, жер титирөөдөн жабыркаган элге жардам берүү максатында ачылган эсепке 26 млн. 230 миң 176 сом 38 тыйын түшүп, анын ичинен 24 миллиону жергиликтүү бийлик тарабынан элге таратылып берилген. (ErN)

XS
SM
MD
LG