Ош шаарындагы “Сулайман Тоо” мечитинде 400 муктаж жана майыптар жашаган үй-бүлөлөргө жардам баштыгы таратылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык казыятынан билдиришти.
Кайрымдуулук иш-чарасын Ош шаардык казыяты демилгелеген. Баштыктарга салынган тамак-аш, май, эт жана башка азык-түлүктөрдү колунда бар жарандар жана ишкерлер сатып берген.
Жардам баштыктарын тапшырууга Ош шаар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, казыят кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Алар бул саамалыкка демөөрчү болгондорго ыраазычылык билдиришип, жалпы мусулмандардын атынан рахмат айтышты. (ErN)