Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:59

Саудияда 35 жылдан кийин алгачкы кинотеатрлар ачылат


Сауд Арабиянын ханзадасы, тактынын мураскери Мохаммед ибн Салман.
Сауд Арабиянын ханзадасы, тактынын мураскери Мохаммед ибн Салман.

Сауд Арабиянын бийлиги өлкөдө кинотеатрларды ачууга уруксат берди. Падышачылыкта 1980-жылдардын башында кинотеатрларга тыюу салынган эле.

Дүйшөмбүдө өлкө жетекчилиги кинотеатрларга, анын ичинде коммерциялык операторлорго лицензия берүү боюнча чечим кабыл алды. Маданият жана маалымат министри Алвад ал-Алладдын айтымында, биринчи кинотеатрлар 2018-жылдын башында ачылганы жатат.

- Кинотеатрлардын ачылышы экономикалык өсүштүн катализатору болот. Биз бир катар жумуш орундарын түзүп, падышачылыктын көңүл ачуучу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтебиз, - деди Алвад ал-Аллад.

Алвад ал-Алладдын билдирүүсүндө кинотеатрларды кайрадан ачууу ханзада Мохаммед ибн Салман жүргүзүп жаткан экономикалык жана социалдык реформалардын бир бөлүгү экени айтылат. Бул реформалардын алкагында беш ай мурда падышачылыкта аялдарга автоунаа айдоого уруксат берилген.

Өкмөттүн эсебинде Саудияда 2030-жылга чейин 300дөй кинотеатр ачылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG