Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:46

Коёналиев: президенттин турак жайы даяр


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Турусбек Коёналиев мамлекеттик резиденциядагы президентке караштуу бөлмөлөрдүн бошотулбай жатканы боюнча жергиликтүү интернет-сайттар жарыялаган маалыматты четке какты.

Анын “Азаттык” радиосуна билдиргени боюнча, экс-президент башка дачага көчүрүлгөн жана жаңы президент Сооронбай Жээнбеков иштей турган, жашай турган турак жай ремонттон өткөрүлдү.

- Жаңы президенттин иш кеңсеси, жашай турган турак жайы - баары даяр. Буга чейин эми ал үйдө кичинекей ремонт иштери жүргүзүлдү. Негизинен бардыгы жакшы эле жашап жатышат. Президент эки иш кеңсесинде тең иштеп жатат.

Айрым интернет-басылмалар 24-ноябрда президентик кызматка расмий киришкен Сооронбай Жээнбеков резиденциядагы премьер-министр кезиндеги үйдө жашап жатканын жазышкан. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаев “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясындагы президенттик үйдү жана андагы президенттин иш кабинетин бошотуп бере электиги айтылган. (КЕ/KJ)

XS
SM
MD
LG