Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:20

Жарандык форум: саясий туткундардын ишин кайра карап чыгыш керек


Камакка алынгандарды колдоо акцияларынын бири.
Камакка алынгандарды колдоо акцияларынын бири.

Бишкекте "Саясий туткундарга эркиндик" аттуу жарандык форум өттү. Аны Саясий туткундарды коргоо комитети жана Сөз эркиндигин коргоо комитети чогуу уюштурду. Жыйында саясий негиздеги куугунтук жана журналисттерге кысым көрсөтүү бар экени айтылып, аларды токтотуу боюнча талаптар коюлду.

Катышуучулар президентке, премьер-министрге, парламент спикерине, Жогорку соттун төрайымына кайрылуу кабыл алышты. Кайрылууда алар саясий негиз менен камакта отургандардын ишин кайра карап чыгып, алар боюнча адилет чечим чыгарууга үндөштү. Уюштуруучулар ушу тапта саясий негизде куугунтукка алынган жана камалган саясатчылар, активисттер, журналисттер 30га жакындап калганын билдиришти. Ошондой эле жыйындын катышуучулары УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев менен башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алууну бийликтен талап кылышты.

Жарандык форумга абакта отурган бир катар саясатчылардын, активисттердин жакындары, коомдук, саясий ишмерлер, жарандык коом өкүлдөрү катышты.

Оппозициялык "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотонов "Орусиянын жаранынан пара алган" деген айып менен ар бири сегиз жылга соттолуп, бул өкүмдү жакында Жогорку Сот күчүндө калтырды. Партиянын мүчөсү, мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага Ленин райондук соту ал "юстиция министри болуп турганда мыйзам бузган" деген айып менен беш жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. Өкүмгө ылайык, Салянова жазасын кызы 14 жашка толгондон кийин өтөшү керек болот. Дагы бир "атамекенчи", депутат Алмамбет Шыкмаматовдун соту аяктап калды, кечээ прокурор аны сегиз жылга эркинен ажыратууну суранды.

Бишкек шаардык соту 13-ноябрда "Элдик парламент" кыймылынын беш мүчөсүнө карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. Райондук сот бул уюмдун жетекчиси, мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков менен активист Төрөбай Колубаевди 14 жылга, Бишкек шаардык сотунун мурдагы төрагасы Марат Султановду 10 жылга эркинен ажыраткан. Мурдагы депутат Тойгонбек Калматов жана полковник Александр Гусев алты жылга шарттуу кесилип, үй камагында калган.

"Элдик парламент" оппозициялык кыймылынын мүчөлөрү 2016-жылдын майында "бийликти басып алууга ниеттенди" деген айып менен кармалган. Ошондон бери алар УКМКнын тергөө абагында кармалып келген. Ага чейин райондук сот ушундай эле айып менен былтыр мартта камакка алынган мурдагы депутаттар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылга, эркин эксперт Эрнест Карыбековду 20 жылга, ал эми мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу кескен. Соттолгондор өздөрү жана айрым жарандык активисттер алар саясий негизде камакка алынганын белгилеп келишет. Эки сот тең башынан аягына чейин жабык өттү.

Президенттик шайлоонун алдында "бийликти басып алууну максат кылган" деген шек менен Жогорку Кеңештин депутаты, "Кыргызстан" партиясынын лидери Канатбек Исаев камакка алынган. Шайлоодо ат салышып, экинчи болуп келген "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов жана башка адамдарга Кылмыш кодексинин 297-беренеси (Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакыруу), 299-берененин биринчи бөлүгү (Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу) боюнча иш козголгон. Бабанов азыр Кыргызстанда эмес. (NT)

XS
SM
MD
LG