Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:38

НТС каналына сот аткаруучулар барганы кабарланды


НТС каналынын кызматкерлери сот аткаруучулар барып, эфирди токтотууну жана имаратты жабууну талап кылып жатышканын билдиришти.

Журналист Азият Жекшеев 19-декабрда кечке жуук сот аткаруучулар барган учурдагы видеону Интернетке жүктөдү. Тасмада күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин да көрүүгө болот. Ошондой эле канал кызматкери Каныбек Асанкары уулу НТСтин ишмердигин токтотуп, мүлкүн камакка алуу тууралуу жазылган кагазды окуду.

Азырынча сот аткаруучулар кандай көрсөтмөнүн негизинде барышканы маалым эмес. Жогорку Соттун басма сөз кызматы окуянын чоо-жайы боюнча тактап, маалымат берерин билдирди.

Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматтары бул окуядан кабарсыз экенин айтышты.

"Азаттыктын" кабарчысы НТСтин имаратына барды, бирок милиция ага ичкери кирүүгө уруксат бербей жатканын кабарлады.

НТС каналы саясатчы Өмүрбек Бабановго таандык экени айтылат. Буга чейин каналга таандык "Санжыра" радиосу эфирин токтоткон. Буга радионун лицензиясы узартылбаганы себеп экени белгилүү болгон.

Быйыл 4-ноябрда конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга чакырык таштоо жана улут аралык кастыкты козутуу боюнча Башкы прокуратура Бабановго каршы кылмыш ишин козгогон. (SE\KE)

XS
SM
MD
LG