Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:56

"Санжыра" обого чыкпай калды


"Санжыра" радиосу 1-ноябрдан бери эфирге чыкпай калды. Буга радионун лицензия мөөнөтү узартылбаганы себеп болгону кабарланды.

"Санжыра" радиосунун обого чыкпай калганы радионун лицензиясы узартылбаганына байланыштуу болгонун Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Байланыш агенттигинин лицензия бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Адырбекова "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Лицензияны узартуу боюнча эч кандай кайрылуу болгон эмес. Ошондуктан агенттиктин буйругу менен 1-ноябрдан тартып "Санжыранын" берүүлөрү токтотулду.

Коомчулукка белгилүү болгондой, "Санжыра" радиосу саясатчы Өмүрбек Бабановго таандык НТС каналына карайт. Каналдын кызматкерлери да эфирдин токтотулушуна лицензия өз убагында узартылбаганы себеп болгонун айтып, маселени чечиш үчүн Байланыш комитетине кат жиберилгенин билдиришти.

Кыргызстандагы телеберүү жана радиоуктуруу мыйзамдарына ылайык, бул багытта иш жүргүзгөн тараптар лицензия мөөнөтүн учурунда узартпаса, обого чыгаруу токтотулат. Лицензия мөөнөтү бүтөрүнө бир күн калганда узартылууга тийиш.

"Санжыранын" ишинде саясат жок

Быйыл 22-августта Биринчи май райондук соту “Сентябрь” телеканалынын жана анын сайтынын ишмердүүлүгүнө тыюу салуу тууралуу чечим чыгарган. 13-ноябрда телеканалдын жетекчилиги кассациялык арыз менен Жогорку Сотко кайрылды.

"Кыргызстандагы сөз эркиндигин коргоо" комитетинин жетекчиси Равшан Жээнбеков "Сентябрь" телеканалы түздөн-түз саясий себептер менен жабылганын белгилеп, "Сентябрь" телеканалы менен "Санжыра" радиосунун ишин токтотууну салыштырууга болбой турганын айтууда:

- Биздин комитетке "Санжыра" радиосунан кайрылуу келип түшкөн жок. Массалык маалымат каражаттарынан окуган учурда мен да саясий себеби бар го деп ойлогом. Бирок радио кызматкерлери өздөрү күнөөсүн мойнуна алып, лицензияны учурунда узартпаганы себеп болду деп жатышса, анда саясий себеби жок.

"Санжыра" радиосунда улуттук ыр-күү, нарк-насил менен кошо коомдогу көйгөйлүү маселелер да көтөрүлүп турчу. Күн сайын эртең менен бир сааттык "Жаргылчак" аттуу берүү түз ободо тиешелүү адистер менен социалдык-экономикалык маселелерди угармандардын катышуусунда талкуулап келген. Берүү ободон кетип жатканда угармандар телефон аркылуу байланышып, өздөрүнүн пикир-сунуштарын кошумчалай алчу.

Жарандык активист Анара Дауталиева "Санжыра" радиосунун обого чыкпай калышы угармандарды да кабатыр кылып жатканын "Азаттык" радиосуна билдирди:

- "Жаргылчак" берүүсү аркылуу коомдогу талуу маселелер ачык талкууланып турчу эле. Эки жумадан бери радиону эфирден уга албай калдык. Радионун өзүнө байланышсак, "оңдоо иштери жүрүп жатат" дешти. Биз дагы ошондой эле болсун деп үмүттөнөбүз. Анткени "Санжыра" радиосун жаап коюуга саясий негиз жок.

"Санжыра" радиосу 2011-жылдан бери обого чыгып келатат. Ал негизинен улуттук ыр-күүлөр, нарк-насил тууралуу берүүлөрдү уктуруп келет. Президенттик шайлоо өнөктүгүндө радио талапкер Өмүрбек Бабановдун билдирүүлөрүн, саясий талкууларды жарыялап турган. "Санжыра" радиосунда 10 чакты журналист иштейт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG