Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Зилалиев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды


Дүйшөнбек Зилалиев.
Дүйшөнбек Зилалиев.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Дүйшөнбек Зилалиев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу мекеменин өкүлдөрү билдиришти.

“Мен кайсы жерде иштебейин, ачык жана толук берилүү менен иштөөгө аракет кылып келем. Бирок жакында эч түшүнүксүз бомба тууралуу маалымат боюнча козголгон кылмыш ишинде менин атым аталууда. Бул окуя коомчулукта кызуу талкууга алынып, мага карата массалык жек көрүү жана жаманатты кылуу болуп жатат. Бул кырдаал албетте менин ар-намысым менен абийириме зыянын тийгизүүдө”, деп жазган Зилалиев.

Мындан тышкары, ал өкмөттү жана өкмөт башчысын жаманатты кылгысы келбей турганын белгилеп, кырдаалдан чыгуунун бир жолу бомбага байланыштуу кылмыш иши тергелип бүткөнгө чейин иштен кетүү экенин айткан.

Апта башында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиевди суракка чакырганы белгилүү болгон. Атайын кызмат Зилалиев бомба тууралуу жалган маалымат боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин негизинде көрсөтмө бергенин “Азаттыкка” билдирген болчу.

Буга чейин УКМК "президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы болгон күнү бомба коюлду" деген кабар боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Жергиликтүү маалымат каражаттары бомба тууралуу милицияга ИИМ академиясынын курсанты кабарлаганын, ага бул тууралуу 1532 ВК мамлекеттик номерлүү "Лексус" машинесинен белгисиз бирөө билдиргенин жазышкан. Кийинчерээк "машиненин номуру Зилалиевге таандык" деген маалыматтар чыккан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG