Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:35

АКШнын Түркиядагы элчилиги виза берүүнү толук жандандырды


АКШнын Анкарадагы элчилигинин кире бериши. 9-октябрь, 2017-жыл.
АКШнын Анкарадагы элчилигинин кире бериши. 9-октябрь, 2017-жыл.

Америкалык элчилик АКШга барууну каалаган түркиялык жарандарга виза берүүнү кайрадан толук жандандырып жатканын маалымдады. 2017-жылдын башында америкалык консулдуктун кызматкери Метин Топуз терроризм боюнча шектүү катары Стамбулда кармалгандан кийин, АКШнын элчилиги түркиялыктага АКШга кириш үчүн виза берүүнү такыр токтотуп койгон.

Түркия дагы жооп катары ушуга окшош чара киргизген. АКШнын Мамдепартаменти таркаткан билдирүүдө октябрдан тартып Түркия америкалык дипмиссиянын кызматкерлерине каршы иликтөө жүргүзбөө тууралуу убадасын аткаргандыгы белгиленген. Түрк өкмөтү америкалык дипломаттарды камакка алуудан мурун АКШнын Ак үйүнө кайрылууга сөз берген.

Анкара менен Вашингтон визалык тейлөөнү Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым ноябрда АКШга барганда эки тараптуу тартипте башташкан. Бирок АКШнын Анкарадагы элчилиги виза алыш үчүн маекке жазылуу 2018-жылдын январында гана ачыларын билдирди.

XS
SM
MD
LG