Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:50

Ушул айда акыйкатчы парламентте баяндама жасайт


Кубат Оторбаев.
Кубат Оторбаев.

Жогорку Кеңештин сайтындагы маалыматка ылайык, Кыргызстанда адам укуктары менен эркиндигинин сакталышы жөнүндө акыйкатчынын баяндамасы парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетте январь айында каралат. Ошондой эле аталган комитетте "Аялдардын жана балдардын эмгек укуктарынын сакталышы: мониторингдин натыйжалары”, “Аялдардын репродуктивдик укуктарынын сакталышы” жана башка темалардагы акыйкатчынын атайын баяндамалары каралат.

Буга чейин Акыйкатчы институту Жогорку Кеңештеги фракцияларда аткарган иштери тууралуу баяндама жасаган. КСДП фракциясы маалымат берүүгө акыйкатчы Кубат Оторбаев өзү катышпаганына нааразылыгын билдирип, анын баяндамасын "канааттандырарлык эмес" деп баалаган. Ошондой эле фракция акыйкатчы Кубат Оторбаевге ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечим кабыл алган.

Кубат Оторбаев 2015-жылы декабрда акыйкатчы болуп шайланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG