Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Чүйдөгү кандуу кол салуу боюнча дагы үч шектүү кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин, Чүй облустук жана Москва райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери Чүйдө жаңы жылга караган түнү жасалган оор кылмыш боюнча дагы үч шектүү кишини кармады. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя Москва районундагы Беловодское айылында 1-январга караган түнү, таңга жуук болгон. Беткапчан кылмышкерлер жергиликтүү тургундун үйүнө кирип барып, үй ээсин оор жарадар кылып, анын 69 жаштагы жубайын жана 45 жаштагы кызын атып өлтүрүшкөн. Алар үйдөгүлөрдүн болжол менен 120 миң сом акчасын жана алтын буюмдарын алып кетишкен.

Окуядан эки күндөн кийин кылмыш боюнча шектүү катары Аламүдүн районунун 19, 20 жана 23 жаштагы үч тургуну колго түшкөн. Алар каракчылык менен алып кеткен акча, алтын, аткан куралы жана айдап келген автомашинасы да табылганы кабарланган.

Окуя боюнча Кылмыш кодексинин 97-беренесинин (“Киши өлтүрүү”) негизинде иш козголгон. Иликтөө уланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG