Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:16

Сирия анын аймагына Израил ракета атканын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сирия армиясынын өкүлү билдиргенине караганда, Израил бүгүн эртең менен Сириянын аймагына учактар менен жердеги ракеталардан сокку урду. Дамасктын маалыматы боюнча, Израилдин учактары Ливандын аба мейкиндигинен Ал-Кутаифа районуна ракета учурган, сириялык аскерлер учактардын бирин атып түшүрдү.

"Андан кийин Израил оккупацияланган Голан дөңсөөсүнөн жердеги ракеталардан аткылаган, бирок Сириянын коргоо күчтөрү аларды да атууга үлгүрдү", - деп билдиришти Сирия армиясынын өкүлдөрү.

Израилдин куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы бул билдирүүгө комментарий берүүдөн баш тартты. Былтыр августта армиянын жогорку жетекчиси Сирияга 100дөй сокку урулганын айткан. Бирок Израил эч качан андай операцияларды моюнга албайт же төгүндөбөйт.

XS
SM
MD
LG