Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:38

Бишкек ЖЭБи: калаадагы түтүнгө тиешебиз жок


Бишкек жылуулук-электр борбору. 10-январь, 2018-жыл.
Бишкек жылуулук-электр борбору. 10-январь, 2018-жыл.

Бүгүн, 10-январда Бишкек жылуулук-электр борбору (ЖЭБ) журналисттерди чогултуп, борбор шаарды каптаган түтүнгө байланыштуу түшүндүрмө берди. Мекеменин директору Нурлан Өмүркул уулунун айтымында, Бишкек ЖЭБи модернизациядан өткөндөн кийин абага дээрлик зыяндуу зат чыгарбай калган. Ал ЖЭБдин түтүнү электр жана акиташ сүтү аркылуу эки чыпкадан өтөрүн журналисттерге көрсөтүп берди. Өмүркул уулу абанын ышталышын автоунаалардын көбөйүшүнө жана менчик үйлөрдөн чыккан түтүнгө байланыштырды.

Буга чейин парламентте жана коомчулукта "ЖЭБден чыккан түтүн Бишкектин абасын булгап жатат" деген кескин сын-пикирлер айтылган. Буга байланыштуу премьер-министр Сапар Исаков абалды жөнгө салуу боюнча тиешелүү мекемелерге тапшырма берген.

Эколог адистердин айтымында, Бишкекте абанын булганышы нормадан 2-3 эсе ашат. Бишкек ЖЭБин модернизациялоо 2014-жылы башталып, 2017-жылы аяктаган. Ага 386 миллион доллар сарпталган. Жылуулук-электр борбору жылына миллион тонна көмүр жагат. (UEz)

XS
SM
MD
LG