Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:02

АКШнын Ак Үйү Кыргызстан менен кызматташтыкты улантат


АКШнын Мамлекеттик катчысынын биринчи орун басары, Түштүк жана Борбор Азия боюнча элчи Элис Уэллс.
АКШнын Мамлекеттик катчысынын биринчи орун басары, Түштүк жана Борбор Азия боюнча элчи Элис Уэллс.

АКШнын Мамлекеттик катчысынын биринчи орун басары, Түштүк жана Борбор Азия боюнча элчи Элис Уэллс Бишкектеги АКШ элчилигинде телефон аркылуу журналисттерге маалымат жыйын өткөрдү.

Анда "Президент Доналд Трамптын администрациясы Кыргызстан менен байланышты мындан ары кандай ыргакта улантат жана деги эле Кыргызстанга Трамп бийлиги кызыгабы?" деген суроого ал мындайча жооп узатты:

- Кыргызстан менен кызматташтыкка АКШ бийлиги ар дайым даяр. 26 жылдык өз ара мамиле учурунда АКШ бул өлкөгө 2 миллиард доллардык жардам көрсөттү. Экономикалык, билим берүү жана коопсуздук жаатында бир топ долбоорлор ишке ашууда. Кыргызстанды Борбор Азиядагы келечеги кең, ар тараптуу өнүккөн өлкө катары көргүбүз келет. Жакында эле президенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп, бийликтин тынч алмашуусу мактоого татыйт. Жаңы президент Сооронбай Жээнбеков менен кызматташууга даярбыз.

Кыргызстан менен АКШ ортосундагы өз ара кызматташтык келишими 2015-жылы мурдагы президент А.Атамбаевдин тушунда кыргыз бийлигинин демилгеси менен жокко чыгарылган.

АКШ Кыргызстандын эгемендүүлүгүн алгачкылардан болуп 1991-жылдын 27-декабрында таанып, бир жылдан кийин Бишкекте элчилигин ачкан. (BCh)

XS
SM
MD
LG