Ирандын президенти Хасан Роухани АКШ мамлекет башчысы Доналд Трамп жана анын өкмөтү расмий Тегеран менен түзүлгөн эл аралык өзөктүк келишимди “үзгүлтүккө учурата алган жок” деди. 14-январда Роухани кеп болгон эл аралык келишимди Ирандын “узак мөөнөттүү жеңиши” деп баалады.
12-январда Трамп эгерде бул документке кол койгон европалык өлкөлөр андагы “олуттуу кемчиликтерди” оңдобосо, анда расмий Вашингтон макулдашуудан чыгаарын эскерткен. Тегеран эртеси келишимге өзгөртүү киргизүүгө каршылыгын билдирди. Ошол эле күнү Франциянын президенти Эммануэл Макрон “өзөктүк келишимди урматтоого” чакырды.
2015-жылы Иран менен дүйнөлүк алты ири мамлекети – АКШ, Британия, Франция, Германия, Орусия жана Кытай кол койгон документте Тегеран өзөктүк тармактагы аракеттерин чектейт, бул үчүн Ислам жумуриятына каршы санкциялар жеңилдетилет деп айтылган.
Эреже боюнча АКШ президенти келишимди үч ай сайын тастыктап келет. Бул ирет санкцияларды жеңилдетүүнү узартканын, бирок өзгөртүүлөр болбосо, 120 күндөн кийин Вашингтондун макулдашуудан чыгаарын эскертти.