Премьер-министр Сапар Исаков баштаган делегация Давостогу Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумга катышат. Мындай маалыматты өкмөттөгү маалымат булактары ырасташты. Алардан алынган маалыматка ылайык, экономикалык форум 23-январда Швейцариянын Давос аймагында өтөт. Форумдун алкагында премьер-министр Исаковн башка өлкөлөрдүн жетекчилери менен жолугушуусу пландалууда.
Сапар Исаков жетектеген делегациянын курамында кимдер болору жарыяланган жок.
Давостогу форум - дүйнөдөгү кадыр-барктуу экономикалык иш-чаралардын бири. Быйыл 23-26-январда өтчү форумга 60тан ашык өлкөнүн жетекчилери, 1000ден ашык эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышканы жатышат.
48-жолу өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк форумда дүйнөнүн келечеги талкууланат. (BkA)