Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:45

Көзү азиздер үчүн акысыз курстар уюштурулуп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Кыргызстандын көзү азиздер федерациясы" уюму майыптарды коомго кошууга багытталган акысыз тренингдерди уюштуруп жатат.

1-2-топтогу майыптар Бишкекте Брайл алиппеси боюнча окуганды, компьютер, көчөдө таяктын жардамы менен өз алдынча басууну, англис, орус тилдерин, өз алдынча үй жыйноо жана азыктануу сыяктуу сабактарды ала алышат. Курстар алты айга созулуп, аптасына беш күн, эртең мененки саат тогуздан кечки алтыга чейин уланат.

Окуу Бишкек шаарындагы Борбордук Азиянын Америка университетинин имаратында болот. Аймактардан келгендер үчүн жатаканасы да каралган. Долбоорду федерациянын жетекчиси Гүлназ Жүзбаева ишке ашырып, аны экс- президент Алмазбек Атамбаев каржылап жатканын "Азаттык" радиосуна уюштуруучулардын бири Жалалидин Абдувалиев билдирди. Катышууну каалагандар 0707373773, 0773656617 телефондорунан сурап биле алышат. (BCh)

XS
SM
MD
LG