Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Косоволуктар киши колдуу болгон серб саясатчысы менен коштошту


Ивановичти эскерүүгө келгендер
Ивановичти эскерүүгө келгендер

17-январда Косовонун түндүгүндөгү Митровице шаарынын тургундары маркум Оливер Иванович менен коштошту. Анын сөөгү Сербиянын борбору Белградда жерге берилмей болду.

Косоводогу этникалык сербдердин лидерин 16-январда иш кеңсесинин алдында атып кетишкен. Жоктогондор ал жерде да шам жагып, аза күтүштү.

Ивановичтин өлтүрүлүшүнөн улам Балкандагы чыңалуу күчөп, Сербия менен Косовонун алакаларды жакшыртууга багытталган, бир жылдан кийин уланган сүйлөшүүлөрү токтоду.

Косово президенти Хашим Тачи күч түзүмдөрүн кылмышты болушунча тез ачып, серб саясатчысын атууга буюртма бергендерди жазалоого чакырды. Сербия президенти Александр Вучич Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрдү.

Косово 2008-жылы Сербиядан бөлүнгөнүн жарыялаган. Ага карабай, Оливер Иванович 2012-жылга чейин Сербия өкмөтүнө кирип, Косово боюнча министрликте мамлекеттик катчынын кызматын аркалаган.

XS
SM
MD
LG