Линктер

шаршемби, 26-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 01:45

Бабановдун ордуна Дүйшалиев депутат болот


Абдыбек Дүйшалиев.

Мандатынан ажыратылган Өмүрбек Бабановдун ордуна Абдыбек Дүйшалиев депутат болот. Бул тууралуу БШКнын шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүм башчысы Айбек Өмүралиев “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, “Республика - Ата-Журт” партиясынын тизмеси боюнча кезекте Дүйшалиев турат. Партиянын шайлоо алдындагы тизмеси боюнча ал 73-орунда болчу.

Абдыбек Дүйшалиев 56 жашта. Ал буга чейин Автотранспортторду каттоо департаментинин директору болуп иштеген.

19-январда БШК “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановду Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыраткан. Ага чейин Бабанов өз эрки менен мандатынан баш тартуу жөнүндө арыз жазган эле.

Башкы прокуратура 4-ноябрда "Республика-Ата-Журт" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабановго карата Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесинин биринчи бөлүгү ("Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакыруу"), 299-берененин биринчи бөлүгү ("Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу") боюнча иш козгоп, УКМКга өткөрүп бергенин жарыялаган. Бабанов муну жалган жалаа деп билдирген. Ага чейин Бабановдун чет өлкөгө дарыланганы чыгып кеткени айтылган.

Ал эми жаңы жыл алдында Өмүрбек Бабанов депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан кетерин жарыялаган. (UEz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG