Линктер

жекшемби, 20-май, 2018 Бишкек убактысы 21:33

"Гараж 312" түнкү клубунун ээси жана үч кызматкери эки айга камалды


"Гараж 312" түнкү клубу. Сүрөт клубдун соцтармактагы барагынан алынды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту "Гараж 312" түнкү клубунун ээсин, эки барменди жана алып баруучуну эки айга камакка алууга санкция берди. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна билдиргендей, 21-январдагы операция маалында кармалган дагы эки кишинин баш коргоо чарасы азырынча аныктала элек.​

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы 21-январга караган түнү Бишкектеги “Гараж 312” түнкү клубунда атайын операция жүргүзүп, алты адамды "баңгизаттарды жана психотроптук заттарды мыйзамсыз сатып жүргөн" деген шек менен камакка алган. Түнкү клубдун "алып баруучусунан, барменден жана айрым официанттардан тыюу салынган баңгизат алынды" деп билдирген.

Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси ("Баңгизаттарды, психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү"), 252 ("Баңгизаттарды же психотроптук заттарды колдонуш үчүн көмүскө жайларды уюштуруу") беренелери боюнча иш козголгон. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG