Линктер

шейшемби, 17-июль, 2018 Бишкек убактысы 02:34

Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү кат ары кармалган адам Орусиядан экстрадициялана элек. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна билдиргендей, аны өткөрүп алуу боюнча Орусияга өтүнүч жиберилген. Азыр ал өтүнүч каралып жатат.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги 18-январда Саляновду өлтүрүүгө шектүү катары Токмок шаарынын 35 жаштагы тургуну Москва шаарынан кармалганын кабарлаган. ИИМ ал мурда талап-тоноо, каракчылык жана киши өлтүрүү үчүн соттолуп чыкканын, аны кармоого Орусиянын Ички иштер министрлиги көмөктөшкөнүн билдирген. Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, ушуну менен бул кылмышка шектүү катары эки киши кармалды. Шектүүлөрдүн бири былтыр 28-декабрда колго түшкөнү, андан Саляновду аткан “Макаров” тапанчасы 17 огу менен табылганы айтылган.​

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновду 6-ноябрда белгисиз бирөөлөр Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы жаңы салынган үйүнө курал менен кирип, атып кетишкен. Кандуу окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Киши өлтүрүү" беренесинин негизинде иш козголгон.

"Ата Мекен" фракциясы окуяны Салянованын ишмердүүлүгү менен байланыштырып, "саясий негизи бар" деп сыпаттаган. ИИМ кылмышта саясий мотив жоктугун жана ал карактоо максатында болгонун маалымдаган.

XS
SM
MD
LG