Линктер

ишемби, 21-июль, 2018 Бишкек убактысы 17:31

Сапар Исаков ЖЭБдеги кырдаалга байланыштуу парламентке чакыртылды


Сапар Исаков Бишкек Жылуулук борборунда. 27-январь, 2018-жыл.

Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырдаалга байланыштуу премьер-министр Сапар Исаков парламенттин сессиясында маалымат бермей болду. ЖЭБдеги кырдаал боюнча баяндама жасаш үчүн бүгүнкү жыйынга вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев жана тиешелүү мекемелердин жетекчилери келген. Бирок бир катар депутаттар премьер-министр Сапар Исаковдун, Бишкектин мэри Албек Ибраимовдун келбегенине нааразы болуп, аларды чакырууну талап кылышты. Сунуш көпчүлүк добуш менен колдоого алынып, Исаков саат 11ге чакырылды.

ЖЭБде суу бөлүштүрүүчү жабдуу 26-январдын кечинде иштен чыгып, шаардыктар жылуулуксуз калган. Үйлөрдө температура 11-16 градустун тегерегинде болуп, башкалаанын тургундарын катуу нааразы кылган. Учурда айрым райондордо жылуулуктун температурасы көтөрүлө баштаганы кабарланууда. Бир катар райондордогу үйлөрдө абал өзгөргөн жок.

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу комитети 30-январда ЖЭБде көчмө жыйын өткөргөн. Ушул эле күнү Башкы прокуратура Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырдаалга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG