Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Ооганстанда ондогон талибдер жок кылынганы кабарланды


Ооган күчтөрүнүн аскери. Кабул.
Ооган күчтөрүнүн аскери. Кабул.

Ооганстандын коопсуздук кызматтары билдиргендей, 31-январда өлкөнүн түштүгүндөгү Кандагар провинциясында "Талибан" кыймылынын 80ден ашуун согушкери жок кылынды.

Бул тууралуу 1-февралда "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун ооган кызматына аскердик операциялардын башында турган Султан Мохаммад билдирди. Анын айтымында, абадан сокку уруу аркылуу талибдердин ондогон автоунаалары жок кылынды.

Ооган күчтөрүнүн арасындагы жоготуулар жөнүндө маалымат берилген жок.

Ал арада январь айынын соңунда өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Газни провинциясында да АКШнын абадан урган соккуларынан 26 согушкер мерт болгон. Жергиликтүү бийликтин өкүлү Ариф Нури соккулардан талибдердин Акхани деген ат менен белгилүү болгон Газнидеги улук кол башчысы да жок кылынганын билдирди.

"Талибан" кыймылы бул тууралуу үн каткан жок. Соңку жума ичинде баш калаа Кабулда бир нече кол салуу болуп, жүздөн ашуун бейкүнөө кишинин өмүрүн кыйылды. Алардын айрымдары үчүн жоопкерчиликти талибдер өз мойнуна алган.

АКШ менен НАТО аскерлеринин согуштук бөлүктөрү 2014-жылы Ооганстандан чыгып кеткенден кийин өлкө бийлиги "Талибандын" жана башка топтордун жоочуларына каршы күрөшүп келе жатат.

Былтыр сентябрда Трамп Ооганстан боюнча жаңы стратегияны жарыялап, ал жакка кошумча аскерлер жөнөтүлөөрүн айткан. Бирок ал жибериле турган аскерлердин так санын жана мөөнөтүн айткан эмес.

XS
SM
MD
LG