Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:05

Камактагы саясатчылардын жакындары президентке кайрылышты


Камактагы оппозициячыларды коргоо акцияларынын бири. Бишкек, 2017-жыл.
Камактагы оппозициячыларды коргоо акцияларынын бири. Бишкек, 2017-жыл.

"Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген айып менен камакка алынган үч оппозициячынын жакындары президент Сооронбай Жээнбековго, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жолдошту. Анда абактагылар далилсиз, саясий буюртма менен камалганы айтылып, аларды бошотуу өтүнүчү камтылган. Бул тууралуу камактагы Бектур Асановдун бир тууганы Гүлжан Асанова "Азаттык" радиосуна билдирди.

Кайрылууда "Урматтуу президент, алар ууру, коррупционер, алдамчы эмес. Болгону, бийликке ачуу сын айтканы үчүн түрмөдө отурушат. Бийликке ишенбөөчүлүк, сотторго кыжырдануу, наалат күчөп, жарылганы калды. Атамбаевдин катасын кайталабаңыз. Сизден адилеттүүлүк күтөбүз", - деп жазылган.

Үч саясатчы - Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров укуктары одоно тебеленип, жакын туугандары менен жолугушууга уруксат берилбей жатканына каршылык иретинде 30-январдан тарта ачкачылык жарыялашкан. Асанов менен Карыбековдун ден соолугу начарлап кеткени 31-январда маалым болуп, УКМКнын тергөө абагынан №47 колонияга которулганы айтылган. Мындан улам Бишкек шаардык сотунда 31-январдагы жараян 2-февралга жылган. Асановдун жубайы Алтын Эркебаева "ачкачылык жарыялап жатканына карабай, үчөөнү тең алып келип, сот ишти кароону улантып жатат" деп "Азаттык" радиосуна маалымдаган. Ал күнү жараянга "Тез жардам" кызматы келгенин, бирок ал кимге чакырылганы сот жабык болгонуна байланыштуу белгисиз экенин кошумчалаган.

Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренеси менен ("Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү") айыпталган. Алар 2016-жылдын мартынан бери УКМКнын тергөө абагында кармалып келет. Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 17-апрелде Эрнест Карыбековду 20 жыл, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылдан эркинен ажыраткан. Булар менен кошо айыпталган Дастан Сарыгулов төрт жылга шарттуу кесилип, үй камагына алынган. Саясатчылар соттун чечимине макул болбой, шаардык сотко арызданышкан. Райондук сот да, шаардык сот да бул ишти жабык териштирүүдө. (NT)

XS
SM
MD
LG