Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:44

ЖАМК ачкачылык кармагандардын абалы тууралуу маалымат бере элек


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстандын Жазаларды аткаруу кызматы абакта ачкачылык кармаган оппозициячылардын абалы тууралуу маалымат бере элек. Мекеменин өкүлдөрүнөн кабар алуу мүмкүн болбой жатат. "Саясий туткундарды коргоо комитети" бейөкмөт уюму Бектур Асановдун кургак ачкачылык кармаганына бүгүн беш күн болгонун жана ал жакында эле операция болуп, өтүн алдырганына байланыштуу кан басымы төмөндөп, эс-учун жоготушу мүмкүндүгүн билдирди. Маалыматка караганда, Эрнест Карыбеков төрт күн, Кубанычбек Кадыров үч күндөн бери кургак ачкачылык кармап жатат.

Бектур Асановдун жубайы Алтын Эркебаева камактагылардын абалы жакындарына да белгисиз экенин "Азаттык" радиосуна маалымдады.

- Сотто Асанов ооруп жыгылды. "Тез жардам" чакыртылгандан кийин деле бизди киргизишкен жок. 80деги апасын ыйлатып, учураштырбай, 47-колонияга алып кетип калышты. Ошондон бери дайын жок, кабар ала албай атабыз.

Буга чейин үч оппозициячынын туугандары президент Сооронбай Жээнбековго, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жолдоп, аларды бошотууну өтүнүшкөн.

Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров укуктары одоно тебеленип, жакын туугандары менен жолугушууга уруксат берилбей жатканына каршылык иретинде жана УКМК жетекчиси Абдил Сегизбаевдин отставкасын талап кылып, 30-январдан тарта кургак ачкачылык жарыялашкан. 31-январда Асанов менен Кадыров УКМКнын тергөө абагынан №47 колонияга которулганы айтылган. Мындан улам Бишкек шаардык сотунда 31-январдагы жараян 2-февралга жылган. Анда айыпталуучуларга туугандары менен көрүшүүгө уруксат берилген эмес.

Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренеси менен ("Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү") айыпталган. Алар 2016-жылдын мартынан бери УКМКнын тергөө абагында кармалып келет. Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 17-апрелде Эрнест Карыбековду 20 жыл, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылдан эркинен ажыраткан. Булар менен кошо айыпталган Дастан Сарыгулов төрт жылга шарттуу кесилип, үй камагына алынган. Саясатчылар соттун чечимине макул болбой, шаардык сотко арызданышкан. Райондук сот да, шаардык сот да бул ишти жабык териштирүүдө. (NT)

Тасмада: Ачкачылык кармаган саясатчылардын сотуна дарыгерлер чакырылды

Бектур Асановго тез жардам чакырылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:23 0:00

XS
SM
MD
LG