Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:22

Премьер-министр Исаков Дубайдагы саммитке катышат


Премьер-министр Сапар Исаков Дубайга өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитине катышуу үчүн учуп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Премьер-министр саммиттен тышкары жолугушууларды да өткөрмөкчү. Анын арасында Бириккен Араб Эмирлигинин ханзаадасы Эл-Фужейра Хамад бин Мухаммед Ал-Шарки баштаган эмирликтин жетекчилери жана эл аралык ишканалардын өкүлдөрү бар. Сапар Исаков Дубайдын полициясынын иши, алар колдонгон жаңы технологиялар менен да таанышарын өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Алтынчы жолу өтүп жаткан өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммити 11-февралдан 13-февралга чейин уланат. Ага 20дан ашык өлкөнүн жетекчилери, бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып, дүйнөдөгү экономикалык өзгөрүүлөр боюнча пикир алмашат.(BkA)

XS
SM
MD
LG