Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:27

Президент Жээнбеков учак кырсыгына байланыштуу орус президентине көңүл айтты


Кулаган учактын калдыгы. Орусия. 11-февраль, 2018-жыл.
Кулаган учактын калдыгы. Орусия. 11-февраль, 2018-жыл.

Кыргызстандын мамлекет башчысы көңүл айтуу телеграммасында 11-февралда Москва облусунда кулаган учакка байланыштуу өзүнүн жана жалпы кыргыз элинин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтарын билдирген.

"Трагедиялуу кырсыкта набыт болгон 71 адамдын жакындарынын кайгысын бөлүшөбүз" деп айтылат телеграммада.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

11-февралда Москва-Орск каттамында бара жаткан учак Подмосковьеде кулаган. Кырсыктан учактагы 71 адамдын бардыгы набыт болгон. Өлгөндөрдүн үчөө бала, бирөө Швейцариянын жараны экени айтылууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG