Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:46

Өзбек чек арасында ок тийген кишиге байланыштуу кылмыш иши козголду


Асан Үсөнбаев.
Асан Үсөнбаев.

Ала-Бука районунда кыргыз-өзбек чек арасында жергиликтүү тургун Асан Үсөнбаевдин октон жарадар болушу боюнча кылмыш иши козголду.

Райондук милиция Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 346 («Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү»), 123 («Адам уурдоо»), 28-97 («Адам өмүрүнө кол салуу») беренелерине ылайык 6-февралда кылмыш ишин козгоп, иликтөө жүрүп жатканын Акыйкатчы институту билдирди.

Маалыматка караганда, акыйкатчы ишти дыкат иликтөөгө жардам берүү өтүнүчү менен президентке, премьер-министрге жана башкы прокурорго кат жазган. Президенттин аппараты жана премьер-министр аны көзөмөлгө алганы белгилүү болду.

Ала-Бука районунда өзбек чек арачыларынын огунан жарадар болгон Асан Үсөнбаев өткөн аптада Оторбаев менен жолугушканда "Өзбекстандын аймагына өтүп кетти" деген маалыматтарды четке каккан. Аны коңшу өлкөнүн аскерлери Кыргызстандын аймагында атып, андан кийин Өзбекстанга алып кирип кетишкенин айтып берген.

Окуядан кийин кыргызстандык жаран Өзбекстандын Наманган облусунун Чуст райондук ооруканасына жаткырылган. 31-январда ал мекенине кайтарылган. Үсөнбаев учурда Бишкектеги травматология жана ортопедия борборунда дарыланууда. Өзбек чек арачыларынын огу Асан Үсөнбаевдин оң бутунун санын тешип кеткен. Дарыгерлердин айтымында, ага дагы бир нече жолу операция жасалышы зарыл. (NT)

XS
SM
MD
LG