Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

Ысык-Көлдө бир кап нашаа алып жүргөн киши кармалды


Кармалган жарандан алынган баңгизат.
Кармалган жарандан алынган баңгизат.

Ысык-Көлдө бир кап нашаа алып жүргөн Х.А. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Анда айтылгандай, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматтын Бишкек шаардык бөлүмү буга чейин алынган маалыматтардын негизинде ыкчам издөө иштерин Ысык-Көлдө уланткан. Анын натыйжасында мурда эки жолу соттолгон Х.А. аттуу жарандын жанынан бир кап кочкул-жашыл түстөгү кара куурай жыттанган зат табылган. Ал нашаа экени аныкталып, салмагы 10 кг 100 граммды түзгөн.

Факты боюнча Ысык-Көл райондук ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, аларга бирдей заттарды же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ошого тете мыйзамсыз өндүрүү же берүү") менен кылмыш ишин козгоду. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. (ErN)

XS
SM
MD
LG