Оштун Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагындагы Тельман айылында Бажы кызматынын терминалындагы унаа токтотуучу жайда жүк ташуучу автоунаа өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
14-февралдан 15-февралга караган түнү саат 00:53 чамасында чыккан өрттү өчүрүүгө ӨКМдин өрттөн куткаруучу аскерлештирилген беш бөлүмүнүн кызматкерлери тартылган. Бирок өрт бүгүн түшкө жуук, саат 11де гана толук өчүрүлүп бүттү.
Өрттүн кесепетинен бир жүк ташуучу унаа толугу менен жана экинчи унаанын чиркемеси, ичиндеги товарлар менен кошо күйгөн. Болжолдуу маалыматтар боюнча чиркемеде бут кийимдер болгон. (ErN)