Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:53

Бишкекте "Ромео жана Жульетта" модерн стилинде коюлуп жатат


Модерн стилиндеги "Ромео жана Жульетта" спектаклинен бир көрүнүш.
Модерн стилиндеги "Ромео жана Жульетта" спектаклинен бир көрүнүш.

Уилям Шекспирдин "Ромео жана Жульетта" чыгармасынын негизиндеги спектакль Бишкекте модерн стилинде коюлуп жатат. Тагыраак айтканда, XIV кылымдагы окуялар чагылдырылган трагедиялык драманын азыркы замандагы көрүнүшү даярдалды.

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында сахналаштырылган спектаклдин режиссеру Максат Сыдыков. Ролдорду балеттин жаш жылдыздары аткарышат.

11-февралдан бери элге тартууланып жаткан чыгарманы көрүүгө келгендер күн сайын залга толуп жатканын режиссер "Азаттыкка" билдирди. 16-февралга чейин созула турган спектаклдин билет баасы 600 сомдон 800 сомго чейин.

Режиссер Максат Сыдыков Жаңы жыл майрамына карата "Щелкунчик" спектаклин 3D форматында койгон. (SE\ZA)

XS
SM
MD
LG