Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:48

Парламент депутаттары Бишкек ЖЭБине барат


Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, депутаттар Бишкек жылуулук борборунда өткөн айда болгон өндүрүштүк кырсыктын себептерин иликтешет.

Мындан тышкары насыяга алынган акчанын кайда сарпталганы боюнча суроолорго жооп издешет. ЖЭБ жетекчилиги менен жолугушууга депутаттар менен кошо журналисттер да чакырылган.

26-январда Бишкек ЖЭБдин эски агрегаттарга суу бөлүп берүүдө колдонулган жабдуулары иштен чыкканына байланыштуу борбор калаадагы үйлөргө, социалдык мекемелерге бир жумадай жылуулук жетпей калган.

Өткөн жылы Бишкек Жылуулук электр борборун модернизация кылууда бир МВттын баасы 1 млн 286 миң долларга айланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG