Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:22

Адам өлтүрдү делген эки аскер өмүр бою эркинен ажыратылды


Иллюстрация
Иллюстрация

Ош облустук соту таксисттин өлүмүнө айыпталган эки аскер кызматкеринин ишин карап, аларды өмүр бою эркинен ажыратты. Бул тууралуу облустук соттун маалымат катчысы Бекзат Осмонкулов “Азаттыкка” билдирди.

Маалым болгондой, былтыр 5-августта Ош шаарындагы куралдуу күчтөр түзүмүндө келишимдик негизде кызмат өтөгөн А.Р. катардагы жоокер К.Т. менен алдын ала сүйлөшүп, аскер бөлүгүнөн качып кетишкен. Алар шаарда таксист болуп иштеген Т.А. менен сүйлөшүп, Араван районуна жеткирип коюуга көндүрүшкөн. Жарым жолдо эки аскер кызматкери айдоочуну муунтуп өлтүрүп, машинени андан ары сатуу үчүн айдап кетишкен. Бирок алар машинени сата алышкан эмес. Жоокер К.Т. ошол эле күнү аскердик бөлүккө кайтып келип, кылмышты мойнуна алып, болгон окуяны командирине айтып берген.

Аскердик прокуратура факт боюнча кылмыш ишин козгоп, эки жоокер тең камакка алынган.

Былтыр 21-декабрда Ош шаардык соту аскер кызматкери А.Рны 25 жылга, катардагы жоокер К.Тны 22 жылга эркинен ажыраткан. Жабырлануучу тарап апелляциялык тартипте жогорку инстанцияга кайрылган. Ош облустук соту 15-февралда ишти карап, аталган эки аскер кызматкерин “адам өлтүрүү”, “кызматын таштап качуу” жана “автоунааны ээлеп алуу” боюнча айыптуу деп таап, аларды өмүр бою эркинен ажыраткан өкүм чыгарды. (ErN)

XS
SM
MD
LG