Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:49

Парламентте кургак учукка каршы депутаттык топ түзүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеште кургак учук маселелерин чечүүгө көмөктөшүү максатында депутаттык топ түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жалпы жыйынында депутат Аида Касымалиева билдирди. Анын айтымында, топ социалдык маселелерди көзөмөлдөгөн комитеттин алдында иштейт.

Парламентте бүгүн “Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоор каралды.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү республика боюнча кургак учук менен ооругандардын жалпы саны азайып баратканын маалымдады. Бул оору менен күрөшүү үчүн республикалык бюджеттен зарыл болгон 1,5 млрд. сомдун жарымы гана бөлүнөт. Калганын Глобалдык фонд сыяктуу эл аралык уюмдар каржылайт.

Тышкы жана ички миграция Кыргызстанда кургак учукту көзөмөлдөөгө тоскоолдук кылган факторлордун бири болуп жатканын жакында саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирген.

Ал ошондой эле эпидемиологиялык абал оңолуп келе жатканы менен кургак учукка чалдыккандар, андан каза болгондор боюнча кырдаал оор экенин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG