Линктер

жекшемби, 24-июнь, 2018 Бишкек убактысы 13:15

Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов "Азаттыкка" билдиргендей, 28-февралда кар көчкү басып калган 9 жаштагы орус жараны София Честикованын өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө да жүрүп жатат.

Милиция жеринде иликтөө жүргүзгөндө орусиялык турист Алексей Аверкиндин үй-бүлөсү лыжаны атайын жол менен эмес, тапталбаган кардын үстүнөн тээп, көчкү алдында калганы маалым болгон.

Алексей Аверкин жубайын эки баласы менен кар алдынан чыгууга жетишкен. Үчүнчү кызы София Честикова көчкү алдында көпкө чейин калып, каза тапкан.

Окуя 28-февралда кечки саат 17.00 чамасында Каракол шаарындагы “Каприз” эс алуу жайынан 4-5 чакырым жерде болгон. (AsM)

XS
SM
MD
LG